"Бишкек шаарынын келечеги үчүн көп иштерди жасадык, калганы мындан ары аткарылышы керек". Муну шаардын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов бүгүн, 11-февралда журналисттер менен жолугушууда билдирди.
"Шаар тургуну катары биздин жасап бүткөн иштердин айрымдарына өзүм деле канааттанган жокмун. Мисалы, шаардагы жолдордун айрымдары жогорку деңгээлде жасалбай калганы көрүнүп турат. Акыркы бир аптанын ичинде мурда мэрияны сындап келген эксперттер да "кризистен чыктыңар" дешти. Реформанын жыйынтыктары бат эле көрүнбөйт",- дейт экс-мэр.
Кулматов: "Өлкөдөн убактылуу кетип жатам, бул маселени саясатташтырбай эле коюшса",- деп кошумчалады.