Темир Сариев "Бензиндин баасы Казакстанга салыштырмалуу эмнеге кымбат?" деген суроого так жооп бере албады

Парламенттин 11-февралдагы жыйынында өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдыгы талкууланууда. Жыйында премьер-министрге "Эмне үчүн Казакстанга салыштырмалуу бизде бензин кескин кымбат?" деген суроо эки жолу берилип, бирок өкмөт жетекчиси так жооп бере алган жок.

"Бензиндин баалары акырындык менен түшүүдө. Былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу азыркы күнгө чейин бензин 4 сомго чейин арзандады. Казакстанда бензинге чектөөлөр бар, алар "өзүбүзгө жетпейт" дешип бензинди сыртка чыгарышпайт. Бааны түшүрүү аракеттери жүрүүдө",- деди Сариев.

Белгилей кетсек, Казакстанда учурда бензиндин баасы 25 сомдун тегерегинде. Кыргыз жеринде 33-34 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан