Жогорку Кеңеште “Центерранын” Директорлор кеңешине сынакты ачык жарыялоо сунушталды

“Центерра” компаниясынын Директорлор кеңешине кыргыз тараптын мүчөлөрү ачык сынак аркылуу тандалашы керек. Мындай пикирди 11-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Депутаттын айтымында, “Кыргыз алтын” ишканасы “Центерранын” Директорлор кеңешине кыргыз мамлекети тараптын мүчөлөрүнө сынак жарыялоого 10 күн убакыт берген. “Мунун 4 күнү дем алыш болду. 6 күндө бул сынак тууралуу кимдер угуп, кимдер катышат? Сынак ачык, коомчулук кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргой тургандар кимдер экенин көрө тургандай шартта өтүш керек. Бул маселени парламенттеги тиешелүү комитет дагы карашы зарыл. Буга чейин “Центерранын” бир мүчөсү Казакстандын жараны болуп чыгып, анысы билингенде иштен кеткени белгилүү",- деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан