Кыргыз мамлекетинде быйыл буудай өстүрүлгөн аянт 9000 гектарга азаят. Маалыматты айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев 11-февралда парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Кыргыз Республикасы ЕАЭБдин курамына киргендиктен, ата мекендик буудай данын өстүрүүчүлөр сапаты жагынан кыйла жогору турган Казакстан жана Орусиянын дан азыктары менен атаандаштык түзө албай калды. Ошондуктан дан азыктарынын башка түрлөрүнө өтүү сунушун бердик",- дейт министр.
Министрдин билдиришинче, 2016-жылы пахта аянтын 3700 гектарга көбөйтүү пландалууда. "Былтыр пахтанын баасы 42 сомго чыкты. Ал эми кант кызылчасы менен картошканын айдоо аянттарын да кеңейтүү зарыл. Өлкө аймагында мал башы көбөйүп, тоют жетишсиз болуп бараткандыктан, көп жылдык чөп айдоо дагы 17 миң гектарга кеңейтилет",- деп кошумчалады Бекбоев.
Парламентте өкмөттүн дыйканчылык мезгилге даярдыгы талкууланууда.