Кыргыз мамлекетине салыштырмалуу Казакстанда бензиндин кескин арзан болушу салыктарга байланыштуу. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Болсунбек Казаков билдирип, башка да себептерин атады.
"Дүйнөдө мунайдын баасы 5 эсе түшсө да мамлекетибизде бензин арзандабай жатканы сындалууда. Эгерде бензиндин баасынын түзүмүн карасак, мунайдын наркы бензиндин баасынын 10 эле пайызын түзөт. Калгандары салыктар менен төлөмдөр. Коңшу мамлекетке салыштырмалуу баанын кымбат болуп жатышынын негизги себеби ушул.
ЕАЭБдин алкагында транзит үчүн ички тариф колдонулушу керек болчу, бирок азыр эл аралык тариф колдонулуп жатат. 1 тоннасына Казакстан 14 доллар төлөсө, биздики 60 доллардан айланууда. Ички тарифтер иштей баштаса, бензин арзандайт. Транспорт чыгымдарына, теңгенин девальвациясына да байланыштуу. Казакстанда акциз салыгы биздикине салыштырмалуу 2,5 пайызга арзан",- деди Казаков.
Казакстандан кыргыз жерине бензинди түз жеткирүү мүмкүн эмес экенин, коңшу өлкөдө бензин экспорттоого тыюу салынганы айтылды.