Мүмкүнчүлүк менен каалоо болсо, кайсы жерге болбосун саякатка барууга болот. Бирок Жерде туристтерге кирүүгө тыюу салынган аймактар да бар.
Сюртсей аралы. 1963-жылы Исландиянын сууларында жанар тоо атылып, кыска мөөнөттүн ичинде аянты 2,7 чарчы чакырымга барабар арал пайда болгон. Ал аралдын пайда болушу жана жашоонун жаралышынын көрүнүктүү мисалы боло алганы ага ошол замат көптөгөн өлкөлөрдүн кызыгуусун жараткан. Ошондон бери Сюртсей илимий максаттарга гана пайдаланылып, туристтер үчүн жабык. Аралдын атын өрт дөөлөрүнүн башчысы болгон мифологиялык Сурта баатырынын ысымынан коюшкан.
Кеймада-Гранди аралы. Бул арал Бразилиядан 35 чакырым алыстыкта жайгашып, бейиштеги жердей көрүнөт. Бирок аталган аралга барган турист өмүрү менен коштошуп калышы ыктымал, анткени бул жер уулуу жыландарга жык толгон. Аянты 0,43 гана чарчы чакырым болсо, 4 миңдей жылан жашайт. Алардын ичинен эң кооптуусу - арал ботропсу. Анын уусу башка чаар жыландар тукумундагылардан 5 эсе күчтүү. Ал чагары менен ткандар жансыз боло түшөт, андыктан Бразилия бийлиги Кеймада-Гранди аралына барууга тыюу салган. Эл арасында Жылан аралы деген атка конгон.
Түндүк Сентинел аралы. Бенгал булуңунда жайгашкан Андаман аралдарынын биринде кооптуу сентинелдер уруусу жашайт. Алар цивилизациядан качып, аймагына киргендерге катуу каршылык көргөзүшөт. Окумуштуулардын болжолунда, бул аборигендер башкалардан 60 миң жылдай бөлүнүп жашашкан. Аборигендер өзүлөрүнүн аймагын күчөтүлгөн түрдө коргошот. Мисалы, 2004-жылы болгон цунамиден кийин алардан кабар алууга учуп барган индиялык өкмөттүн тик учагын жаа менен аткылашкан. Алардын акыркы курмандыгы балыкчылар болгон. Балыкчылар өлтүрүлгөн соң индиялык бийлик жарандарын сентинелдиктерден жана алардын аймагынан алыс болууга чакырышкан.
Грюинард аралы. 1942-жылы британдык өкмөт Шотландиянын Грюинард аралын сибирь жарасын сыноо үчүн сатып алган. Эксперименттин жүрүшүндө сибирь жарасы аймакты булгап, калктын 95 пайызын жок кылары аныкталган. 1980-жылдарга чейин бул арал өлүм алып келген жерлердин тизмесинин башында турган. 1986-жылы гана окумуштуулар тарабынан аралды тазалоо үчүн 280 тонна формальдегид себилген. 1990-жылы арал коопсуз деп аталганы менен, эч ким көчүп барып жашаган эмес. Археологдор анын спорасы топуракта көп убакытка чейин сакталып, аралда дагы жүздөгөн жылга чейин жашоого мүмкүн эмес экенин эскертишет.
Япониядагы Исэ ибадатканасы. Япониядагы Исэ-дзингу комплекси - эң ыйык ибадаткана. Негизги бөлүгү бийик жыгач дубал менен тосулган. Ичине жогорку дин кызматчылары жана императордун үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү гана кирүүгө укуктуу. 1945-жылга чейин Исэ дүйнөдөн Миягава дарыясы менен бөлүнүп турган. Ал дарыя ыйык жердин чек арасынын белгиси болгон. Кечилдерге дарыядан өтүүгө тыюу салынчу, себеби ибадаткананын ыйыктыгы жоголуп, Японияга жамандык келет делинчү.