Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун жетекчилиги менен шайлоо системин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында жумушчу топтун мүчөлөрүнүн, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын сунуштары талкууланды. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы боюнча төмөнкү маселелер каралды:
- депутаттар кеткен (депутаттык статусун токтоткон) учурда гендердик жана башка квоталарды сактоо;
- ЖМКларды каттоо маселелерин тактоо;
- президентти шайлоодо шайлоо күрөөсүн көтөрүү;
- шайлоо дареги институту киргендиктен, шайлоо участокторун түзүү эрежелерин өркүндөтүү;
- Жогорку Кеңешке шайлоону дайындоо мөөнөттөрү (күнү) жөнүндө мыйзам жоболорун тактоо;
- депутаттарды каттоо мезгилинде талапкердин мандаттан баш тартуу тартибин тактоо.
"Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын курамдарын түзүү тартибин өркүндөтүү, андан тышкары бул комиссиялардын мүчөлөрүн каржылоо маселелери да талкууланды.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс боюнча прокуратура органдарынын шайлоо процессин көзөмөлдөө ыйгарым укуктары такталып, жыйынтыгында жумушчу топ ар бир сунуш боюнча добуш берүү жолу менен чечимдер кабыл алынганын билдиришти президенттик аппараттан.