Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын аймагында полиэтилен баштыктарын жана синтетикалык балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагуу сунушу берилди.
Депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоору техникалык жактан туура эмес даярдалып, полиэтилен баштыктарынын ордуна альтернативдүү сунуштар берилбегендиктен, мыйзам долбоору четке кагылганы жатканын айтты. Долбоорго өкмөт да пикирин билдирген эмес. “Ал эми балык уулоочу торлорду импорттоого, өндүрүүгө, сатууга тыюу салуу боюнча өз алдынча мыйзам долбоору иштелип чыгат”,- дейт депутат.
Мыйзам долбоорлору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.