Коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтык бербей жатканынын себеби - жарандардын бул ишке жакындан аралашпай жатышы. Мындай пикирди 11-февралда “Парламент” радиосунун түз эфиринде депутат Аида Салянова билдирди.
Парламентте “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалганын айтат депутат. Долбоордун максаты - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын, уюмдардын ичиндеги мыйзамсыз иштерди билдирген жактарды коргоо.
"Эгерде коррупциялык иштер тууралуу билдирүү республикалык же жергиликтүү бюджетке, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө зыян келтирүүнү токтотууга мүмкүндүк берсе, ошол келтирилбей калган зыяндын суммасынын 30 пайызы соттун, Эсептөө палатасынын же башка мамлекеттик органдын чечими менен сый акы катары төлөнөт. Сый акынын суммасы 100 миң сомдон ашпайт",- дейт Салянова.