Германия кыргыз мамлекетинен төө буурчак импорттошу мүмкүн. Экономика министрлигинен 12-февралда билдиришкендей, быйыл май айында германиялык делегация кыргыз жерине келип, төө буурчак тармагындагы ишканалар менен таанышып чыкмакчы.
Германия тараптын маалыматы боюнча, кыргыз өлкөсүнүн төө буурчагы германиялык рынокто талап кылына башташы мүмкүн. Экономика министрлиги делегациянын таанышып чыгуусуна сунуштоо үчүн ишкананын анкетасын толтуруу зарылдыгын белгиледи. Таанышуунун жыйынтыгы менен немис тарап бир катар ишканалар менен келишим түзөрү күтүлүүдө.