АКШнын башкы органдары 2017-жылы террордук “Ислам мамлекети” тобу менен күрөшүү үчүн 7 миллиард 500 миллион доллар бөлүп берүүдө. Бул азыркы учурда бөлүнгөн каражаттан 50 пайызга көп. Ирак жана Сириядагы террордук топту талкалоо планы Конгресске жакынкы арада берилет. Муну 12-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
АКШнын президенти Барак Обама кол койгон мыйзамга ылайык, жогорудагы план боюнча тийиштүү документтер 15-февралга чейин даяр болушу керек. АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү баяндамаларды өз убагында бүтүрүү үчүн башка министрлик жана ведомстволор менен иш алып барыларын айткан.