Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчы шаарда акыркы эки жылда жасалган иштердин келечектүү экенин белгилеп: "Сиз таза иштедиңиз. Жарандардын арасында жүргүзүлгөн коомдук сурамжылоолор бишкектиктер мэрияга көбүрөөк ишене баштаганын көрсөттү",- деп билдирди.
Президенттин айтымында, Бишкектин заманбап жашоого ыңгайлуу жана коопсуз болушун каалаган жарандар үчүн борбор шаарда жасалган иштер активдүү түшүндүрүү иштери менен коштолушу керек. Атамбаев экс-мэрге ийгилик каалап, ал баштап кеткен иштерди жаңы шайланган мэр улантарына ишенерин айтты.