Башкы прокуратура 2015-жылы ачылган кылмыш иштери боюнча бюджетке 297 миллион 341 миң сом төктү

Башкы прокуратура козголгон кылмыш иштери боюнча чыгымдын ордун толтуруудан 2015-жылы бюджетке 297 миллион 341 497 сом төктү. Муну 12-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта 2015-жылы башкы көзөмөлдөөчү органдын Тергөө башкармалыгы тарабынан актуалдуу кылмыш иштеринин беттери ачылганы айтылат. Алардын катарында Нурлан Төрөбеков, Карганбек Самаков, Хажимурат Коркмазов, Данияр Нарымбаев жана башка жогорку кызмат абалдарындагы адамдарга карата козголгон кылмыш иштери белгиленген. 2015-жылы судьяларга карата 19 кылмыш иши ачылып, сотко 5 кылмыш иши жиберилсе, 3 кылмыш иши токтотулган. Өткөн жылдын 25-декабрында Соттор кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун 3 судьясы кылмыш жоопкерчилигине тартылганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан