“Кумтөр” Кыргыз Республикасынын жаратылышын коргоого миллиондогон долларларды жумшайт

2014-жылы “Кумтөр Голд Компани” Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоого 7,5 миллион доллар жумшаган. Бул чет элдик инвесторлор келген учурдан берки эң ири салым экенин компаниядан билдиришти.

"Аткаминерлер маселени канчалык саясатташтыруу менен убара болушпасын, кенге экологиялык комиссияларды кайра-кайра жиберишпесин, чындыкты бурмалоо эч мүмкүн эмес. Документтерде алтын кен комбинатын курчаган чөйрө кандай абалда турганы жана экологияны сактоого канча каражат жумшалганы айдан ачык тастыкталган. Маселен, “Кумтөр Голд Компанинин” 2014-жылкы айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча отчётунда (http://www.kumtor.kg/kg/environment-protection/kumtor-environmental-reports/ ) айтылгандай, адистер кендеги абанын сапатын дыкат текшерип, көзөмөлдөп турушат. Бул үчүн кен ишкана аймагында абадагы салмактанган бөлүкчөлөрдүн санын жана сапатын аныктоо үчүн алты ири үлгү алуучу пайдаланылат. Алынган үлгүлөрдүн курамында цианид, күкүрт, мышьяк, никель, селен, цинк, уран, радий-226 жана стронций-90 бар же жогу текшерилет",- деп айтылат маалыматта.

Алтын кен комбинатынын жетекчилиги сууну пайдалануу, өнөр жай жана тиричилик чыгындыларын тазалоо жана кайра иштетүү, кендин ажырагыс бөлүгү болгон жаныбарлар дүйнөсүнө да абдан абай мамиледе кам көрөрү белгиленди. "Кумтөр" ишканасынын жамааттык саясаты ар бир адам жан дүйнөсүндө эколог болууга тийиш деген ойдун негизинде түптөлгөнү, заманбап жашоо образы айлана-чөйрөгө этият мамилесиз болбой турганы кошумчаланды.

Экология тармагындагы иш билги серепчи Эмил Шүкүровдун мындай дегени бар: "Өлкө экологиясы канчалык булганганын аныктоо үчүн “Кумтөргө” сапар алуунун кажети жок. Борбор калаанын парк аймактарында, шаардын чет-жакасындагы үйүлгөн таштандылар менен чыгындылар экосистем менен КРнын жарандарына зыян тийгизүүдө. Ал эми "Кумтөрдөгү" өндүрүш чыгындылары айланага тикелей залал тийгизбеген калдык сактагычка түшөт. Ошол эле Нарын дайрасын алалы. Нарын шаарынын тургундары сууга “Кумтөргө” караганда саламаттыкка жүз эсе зыяндуу таштанды, тиричилик чыгындыларын ыргытышат. Жергиликтүү бийлик буга көз жумуп коёт. Алар үчүн баарына инвесторлорду айыптоо ыңгайлуу”.

"Сөз соңунда “Кумтөр” компаниясы кенди иштете баштагандан бери Кыргыз Республикасы менен Канададагы бардык өнөр жай жана экологиялык стандарттарын карманарын белгилейбиз. Өндүрүштө эки өлкөдө тең иштеген бардык нормативдердин эң катаал нормалары жана талаптары коюлат. Булар туурасында эл аралык жана ата мекендик серепчилердин отчётторунда дайыма айтылат. Отчёттор кыргыз, орус жана англис тилдеринде компаниянын сайтында жайгаштырылган. http://www.kumtor.kg/kg/all-reports/


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
admin_portal
2016-02-15 15:00:41
Rifle_2 - эскертүү!
Темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Jigit80
2016-02-15 16:58:18
ооба кумтор ушунсчалык жакшы иштеп жатат. кыргызстанды швейцарияга айландырып ийди.Жарандарыбыз сыртка жон эле эс алганы кетип жатат.Окмот канчалык актанып мактанбагыла элдин умуту силерден узулуп сабыры тугоп барат.Ылайым тынчылык эле болсунда.Эл кайра которулобу деп корком кундон кунго абал оордоп баратат
0
aibo_85
2016-02-15 18:36:58
Эми мындан ары Кумторго миллиондогон эмес, миллиарддаган долларларды жумшаса дагы бузулган экология ордуна келбейт деп Садыр Жапаров агабыз туура айткан. Себеби алтын ондурууго жумшалган эн зыяндуу уран калдыктарын каякка катабыыыыыыз.
+5
marik10
2016-02-17 11:08:43
aibo_85,Кумтөрдүн калдыктарында уран жок, анын жыты да жок. Кумтөрдүн калдык сактагычында алтын бар. Кен казуу токтогондон кийин ошол алтынды кайра иштетип алса болот, жана ошондой пландар бар экенин бийлик билет. Кезеги келгенде өзүбүз эле ошол алтынды иштетип алабыз.
0
marik10
2016-02-17 11:09:04
aibo_85, Садыр Жапаров болсо Кажы-Сайдагы уран калдыктарын айтса керек, колунан келсе кажы-сайлыктардын ден-соолугу үчүн ошол уран калдыктарын бирдеке кылса болмок. Жылуу жатып алып, ар кайсыны дөөрүй бериш оңой, чындап бир нерсе жасоо, элге пайда келтирүү мээни, мээнетти талап кылат.
0
jaazira13
2016-02-17 21:41:42
aibo_85,ал байкебиз силерге кандалыктар кыргызстандын эгемендуулугун жоготушат десе деле ишенет болушунар керек? эгер чындык учн курошсо эмнеге саруунун элинин мээсин айландырып качып кетет? эмнеге адамды барымтага алып аны орттойбуз деп шантаж кылат? бул жерде каптагаевти колдогон жокмун бирок ал деле бироонун уулу атасы агасы да?
-2
MIRlan
2016-02-15 18:55:09
СМИге жана кагазда миллиондор экологияга кетип атат деп жазыла берет. Чын эле каяка кетип атканын бир гана кудай жана чоңдор билет.
0
marik10
2016-02-15 19:05:44
бизде кумтордон башка толтура калдыктар бар, андан сырткары барскоондун кыйылган токойлорун ким кайтып берет? пансионаттан чыккан жугундуларды ким козомолдойт? чычыркананктар кыйылат баклажкаларды тышташат, ошолордун баары ондуруштон он эсе зыян алып келет
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан