Кечээ, 31-октябрда Жерде магниттик бороон күчөп, G2 деңгээлине жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, алгач адистер бороон бир аз гана күчөйт деп болжолдошкон. Бирок кечинде анын активдүүлүгү күтүүсүздөн жогорулаган. Жер учурда Күндөгү короналдык тешиктен чыккан плазма агымынын таасиринде турат.
Адистердин болжолунда, бүгүн, 1-ноябрда магниттик бороондун күчү төмөндөп, G1 деңгээлинде болот.