Жогорку Сот дагы бир депутатты мандаттан ажыратты

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Сот Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Ишенбековго карата Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин 8-февралда аталган райондук сот У.Ишенбековду мандаттан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин колдогон.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 3-февралдагы жыйынында депутат Урмат Ишенбековду мандаттан ажыратуу чечимин чыгарган. БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров: "Жумалиева менен Эсенаманова боюнча БШК чыгарган чечимди сот мыйзамдуу деп тапса, демек, Ишенбековду мандаттан ажыратуу боюнча фракция чечимин карабай коюуга негиз жок",- деди комиссия жыйынында.

Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын жетекчилиги "өздөрү арыз жазышты" деген негизде фракциядагы 3 депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу өтүнүчү менен БШКга кайрылган. Депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынып, БШК чечимин Жогорку Сот туура деп тапкан. Ал эми үчүнчү депутат Урмат Ишенбеков депутаттыктан баш тартууга арыз жазбаганын өз убагында БШКга кабарлагандыктан, аны мандаттан ажыратуу маселесин кароо артка жылдырылган эле.

Ишенбеков жакында парламент жыйынында: "Мен дагы бир жолу айтып коёюн, депутаттыктан кетүүгө эч кандай арыз жазган жокмун. БШКнын мүчөлөрүнө кайрылам, мени да мандаттан ажыратып жүрбөгүлө",- деп билдирүү жасаган эле.

Мандаттан ажыраган депутаттар фракция жетекчилиги жасалма арыз менен мандаттан ажыратып салганын айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан