Парламенттеги "Бир бол" фракциясы 12-февралда Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, баалоо, каттоо маселеси боюнча өкмөттүн маалыматын укту.
Маалыматка таянсак, учурда мамлекеттин карамагында 1957 административдик имарат, 3 миңге жакын жашоого ыңгайлашпаган жай, 1200 турак жай, 1059 жер тилкеси, 6336 даана автоунаа бар. Мындан тышкары өлкөдө 1561 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштейт.
Талкууда депутаттар айрым аткаминерлердин коррупциялык жол менен баюусуна жол бербөө максатында мамлекетке тиешелүү бардык мүлктү түгөлдөп чыгып, алардын наркын так аныктоо зарылдыгын белгилешти. Депутат Мыктыбек Абдылдаев премьер-министр улуттук байлыктын сакталышына жана сарамжалдуу пайдаланылышына жеке жоопкерчилик тартышы керектигин айтты.
Жыйынтыгында фракция аталган маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди. Өкмөт 2017-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик мүлктүн абалы тууралуу толук маалымат бермекчи.