"Быйыл жүргүзүлгөн калктын ишеним индекси боюнча 2015-жылы ишеним индекси 22 баллды түздү. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 7,3 баллга жогору. Баалоого катышкан 37 мамлекеттик органдын ичинен 29у 2014-жылга караганда өз көрсөткүчтөрүн жакшырткан. Мындай тенденция жакшы, бирок жетишсиз. Бул жыйынтыкты артка тарткан органдар бар",- деди премьер-министр Темир Сариев 12-февралда өкмөт жыйынында.
2015-жылы өкмөткө 6399 кайрылуу түшкөнү айтылды.
Жыйында жарандардын кайрылууларынын өз убагында жана объективдүү каралышына катуу көзөмөл жүргүзүү, аларды кароодо мыйзамдарда белгиленген нормаларды келтирүү менен гана чектелбестен, коюлган маселелерди чечүүнүн ар тараптуу жолдорун караштырып, маселенин аягына чейин чечилишин көзөмөлгө алуу, мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата администрациялык чара көрүү ыкмаларын колдонуу, ал фактыларды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо тапшырмасы берилди.