Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Социалдык фонддун каражаттарын башкаруу жүрүмүн жакшыртуу максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун кароо маселесин кийинкиге калтырды.
Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматына караганда, Социалдык фонд 2015-жылдын 31-декабрына чейин камсыздандырылган жарандардын пенсиялык топтоо каражаттарына ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруу менен аны мамлекеттик баалуу кагаздарга жана коммерциялык банктардын депозиттерине инвестициялоо демилгесин көтөрүүдө.
“Социалдык фонд тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруунун жыйынтыктары жакшырды: пенсиялык топтоо каражаттарынын орточо кирешелүүлүгү 2010-жылдагы 8,7 пайыздан 2014-жылы 14,9 пайызга чейин көбөйдү. Ошондон улам мамлекеттик ипотека программасын каржылоо максатында, пенсиянын топтоо бөлүгүнүн 50 пайызын баалуу кагаздарды сатып алууга жумшоо чечимине келдик”,- деди Абылгазиев.
Комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев Социалдык фонддун пенсиянын топтоо бөлүгүнө карата мындай саясатын колдобой турганын билдирди. “Ипотека 12 пайыздык үстөгү менен 15 жылдык мөөнөткө берилүүдө. Ал эми Социалдык фонддун 20 пайыздык үстөгү менен 20 жылдык мөөнөткө бере турганын кандай түшүнсө болот? Калган 8 пайызды силер жөн эле ала бересиңерби?”- деген суроону койду.
Бул пикирди комитет мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү да колдоду. Алардын пикиринде, мамлекеттик ипотекалык программа жакшы, бирок аны каржылоо үчүн башка каржы булактарын издөө керек. Социалдык фонд өз демилгесин кайрадан кылдат талдап чыгууга тийиш.