Нарында аялын өрттөп жиберген жаран өзүнө келе албай жатып каза болуп калды

Нарында аялын өрттөп жиберген жаран өзүнө келе албай жатып каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 15-февралда Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгери Мурат Атбаев билдирди.

"Бейтап ооруканага денесинен 32 пайыз күйүк алып түшкөн. Абалы өтө оор болчу, ал 2-даражадагы күйүктөрдү алып, ички органдары ууланып, биринин артынан бири иштен чыгып жаткан. Бейтап эсине келе албай жатып кечээ түшкө маал каза болуп калды. Сөөгүн туугандары алып кетишти",- дейт Атбаев.

Эске салсак, каза болгон жарандын аялы да денесинин 75-80 пайызы күйүп, ал 8-февраль күнү өзүнө келбей жатып көз жумган. Маалыматтарга ылайык, жубайлардын балдары жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Alixan-Nookat.2015
2016-02-15 17:16:00
Жаткан жери жайлуу болсун! Эмне деген заман дейин десен заман эмес адамдарыбыз бузула баштады аялына бензин чачып орттоп артынан озуно чачып кызганычтан болгонгоо.
+6
aminali
2016-02-15 17:22:52
Кызганыч - жаман оору. Ачууга алдырды,ата энелерин эмнеге ойлогон жок? Депрессиянын жеткен чеги. Кайгырайын десен,оз колу менен кылды, айла жок жаткан жерин жайлуу болсун.
+2
mirana9395
2016-02-15 17:23:46
Ушунан коро келишип чогу жашап узак омур сурушсо болмок.Бул да болсо ажал жаткан жери жайлуу болсун.
+2
jansezim26
2016-02-15 17:46:47
ХХХ ХХХ ХХХ... кылса гана барат.
-15
shiko
2016-02-15 19:09:16
jansezim26, козунор менен корбогондон кийин кантип Ошол создору айтканга оозунар барат.эне атасы жакындары окуп кандай абалда болот.зачем берете грех на душу незная ничего. ХХХ ХХХ ХХХ...
+8
admin_portal
2016-02-16 11:22:55
jansezim26 - эскертүү!
Кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
aziziko, shiko - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
+1
kirgizstan
2016-02-15 18:18:40
Эмне болсо дагы сыр бойдон кетти эми. Жайлары жайлуу топурактары торко болсун.
0
nazi25
2016-02-15 19:19:07
Акылынан азып сүйүптүр да.Тынч гана чогуу жашашса болмок. Өкүнүчтүү өтө.
+2
daniyar84
2016-02-15 21:13:27
ортодо жакшы бала жок экен.бирок бала болгондо бул ишке барбай калышы дагы мумкун эле балага болгон суйуу ойгонуп бири ьирин кызганбай калышаар беле жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
KursKG
2016-02-16 00:19:04
Жайы жаннаты болсун
0
Kuba-savai87
2016-02-16 01:44:00
Жаны жаннаттан болсун
0
apam
2016-02-16 03:03:04
айнып калышкан эмеспи
+1
FSB
2016-02-16 04:18:29
Din jolundagylardyn kylgany ushul bolso...
+2
aku
2016-02-16 09:06:11
Мени мн болбосон эч ким мн болбойсун деген го. Кызганыч да оору сыяктуу экен бирок озун озу айыктырса болот экен мага 2 жыл кетти го кызганчаактыктан арылдым буйруса. Кызганбай тынч жашасан жакшы экен турмушун да онолот экен.(*-°)(^_^)
+3
meky85
2016-02-16 18:59:00
Олгусу келсе озу оло берсе болмок байкуш жапжаш аялын кошо ала кетпей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан