Нарында күйөөсү тарабынан өрттөлгөн айым кечээ каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ИИБинин кызматкери SUPER.KG порталына билдирди.
"Үйлөнүү-үлпөт салонунан өрткө кабылган айым кечээ, 8-февралда саат 17:00-18:00 чамасында каза болду. Соттук-медициналык экспертизадан кийин сөөгү туугандарына берилди",- дейт кызматкер.
Анын айтымында, учурда күйөөсү эсине келе элек.
Маркумдун аты - Нургүл, күйөөсү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ажырашуу тууралуу сөздөр болгонун анын жакындары билдиришкен. Нургүл үйлөнүү-үлпөт салонунун имаратындагы туристтик агенттикте иштеген. 5-февралда анын күйөөсү имараттын ичиндеги адамдарды чыгарып, өзүнө жана аялына бензин чачып өрттөп жиберген. Жыйынтыгында Нургүлдүн денесинин 75-80 пайызы, күйөөсүнүн 32 пайызы күйүп кеткени тууралуу маалымат берилген.