Жылнаама, 16-февраль: Мындан 71 жыл мурун СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Самара Токтакунова төрөлгөн

* Мындан 71 жыл мурун, 1945-жылы СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти Самара Токтакунова Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. 1960-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырган. 1963-жылдан баштап Самара Токтакунова Т.Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы К.Орозов атындагы Мамлекеттик элдик оркестрде эмгектенип, ал эми 1970-жылдан баштап Улуттук филармониянын солисти жана комузчусу болгон.

* Мындан 110 жыл мурун, 1906-жылы аялдардан чыккан шахмат боюнча Дүйнөнүн биринчи чемпиону Вера Менчик Москвада төрөлгөн. 9 жашында шахмат ойногонду үйрөнгөн. 1921-жылы үй-бүлөсү менен Англияга көчүп, Гастин шахмат клубунун мүчөсү болгон. 1925-жылы Улуу Британиянын чемпионун утуп, 1926-1927-жылдары Улуу Британиянын кыздар арасында өткөн Ачык чемпиондугун жеңген. 1927-жылы айымдар арасында Лондондо өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип, жашоосунун акырына чейин Дүйнө чемпиону болгон.

* Мындан 75 жыл мурун, 1941-жылы Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидери, улуу кол башчы Ким Ир Сендин уулу, өлкөнүн төрт жолку баатыры жана лидери Ким Чен Ир туулган. Айрым маалыматтар боюнча Ким Чен Ир Орусиянын Хабаров крайындагы Вятское кыштагында төрөлүп, алгач Юрий деген ысым берилген. Ал кезде анын атасы Кызыл Армиянын командири болгон. 1945-жылы ноябрь айында Пхеньянга көчүрүлүп, Корея согушу башталганда Кытайга чыгарылган. Билимди Пхеньянда алып, саясий экономика адистигин бүтүргөн.

* Мындан 17 жыл мурун, 1999-жылы Ташкентте жардыруулар болуп, 16 адам каза тапкан. Шаар ичинде бардыгы 6 жардыруучу зат кыска мөөнөттө жарылган. Жарылган имараттар өкмөткө караштуулар болгон. Алардын ичинде Министрлер кабинетинин имараты да болгон. Ал имаратта дал ошол күнү өлкөнүн президентинин катышуусу менен отурум өтмөк. 16 адамдан тышкары 100дөй адам жаракат алган. Ички иштер министринин айтымы боюнча, бул жардырууларды "Хизбут-Тахрир" уюштурган.

* Мындан 78 жыл мурун, 1938-жылы Иосиф Сталин жазуучу Вера Симонованын “Сталиндин бала чагы тууралуу аңгемелер” китебинин кол жазмаларын өрттөөнү буйруган. Китепте "Кошоматчылардын оюнан чыгарылган көптөгөн чындыкка туура келбеген, бурмаланган, жөнү жок мактоолор болгон. Китепти окугандар "башкаруучулар ар дайым күнөөсүз баатыр болушат" деген ойдо болуп калышат" деген.

16-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан