Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 15-февралда Көк-Жар айылынын №199-контурундагы жана Новопавловка айылынын №509-контурундагы жерлерди иликтеген жумушчу топтун маалыматын укту.
Топтун өкүлдөрүнүн билдиришинче, Көк-Жар айылындагы аталган 1 гектар жер С.Бейшалиева деген жаранга таандык сугат-айдоо жери, үйлөр салынган эмес. Новопавловка айылындагы 43 гектар жерге мыйзамсыз үйлөр курулган. Трансформация болбогон үлүшкө берилген жерлерге 530 үй салынып кеткен.
Депутат Дастан Жумабеков жер тилкелерин берүүдө мыйзам бузууларга көзөмөл кылбаган тиешелүү кызмат адамдарына чара көрүүнү сунуштады. Жалпы республикада 42 миңдей мыйзамсыз үйлөр курулуп кеткени маалымдалды. Жыйында депутаттар жер саясатын жүргүзүүчү бирдиктүү орган керектигин айтышты.