Фархад Бекмамбетов маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды

Фархад Бекмамбетов КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун 16-февралда өкмөттөн билдиришти. Министрдин жаңы орун басарын жамаатка өкмөттүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адилет Бекбоев тааныштырып, ишине ийгилик каалады.

Буга чейин министрдин орун басары болуп Бактыбек Секимов иштеп келген. Секимов өкмөт башчынын башка буйругу менен 15-февралда аталган министрликтин статс-катчысы болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан