Замирбек Осмонов: "Камсыздандыруу төлөмүн чогултуу функциясынын Салык кызматына берилиши туура болгону тастыкталды"

2015-жылдын 1-декабрынан тартып Мамлекеттик салык кызматына камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо функциясы берилген. Эки айда пилоттук долбоор катары тандалган Октябрь жана Сокулук райондорунда камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналып, жыйынтык жакшы экенин мекемеден бүгүн, 16-февралда кабарлашты.

Эки айда Октябрь райондук салык башкармалыгында жумушчу жалдоо укугусуз жеке ишкерлерге суммасы 6 258 000 сомго 6558 камсыздандыруу полиси, Сокулук райондук салык башкармалыгында суммасы 706 700 сомго 1390 полис берилгени айтылды.

“Долбоордун жүрүшүндө айрым көйгөйлөр чыкты: камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин жогорулашы менен Салык кызматына төгүм чогултуу функциясы бир учурга туура келип калды. Анткен менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандар кызматты бир жерден – Салык кызматынан алган ыңгайлуу экенин, азыр эки башка мамлекеттик органга баруунун кажети жоктугун, муну менен убакытты жана чыгымдарды сарамжалдоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн түшүнө башташты”,- дейт Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан