2015-жылдын 11 айында "капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттин чыгымы 4 миллиард 497 миллион 696 900 сомду түздү. Каржы министрлигинен бүгүн, 16-февралда билдиришкендей, бул каражаттан билим берүү мекемелерин курууга 1 миллиард 488 миллион 547 600 сом, саламаттык сактоо мекемелерин курууга 211 миллион 668 200 сом, маданият жана спорт мекемелерин курууга 92 миллион 091 800 сом, жол курууга 1 миллиард 704 миллион 441 200 сом, турак жай-коммуналдык чарба жайларын курууга 504 миллион 611 400 сом жумшалды. Калган каражаттар суу чарба курулмаларына жана башка иштерге жумшалды.
Маалымат үчүн: Капиталдык салымдар – өкмөттүн токтому менен бекитилген долбоорлорду сметалык каржылоону өз ичине камтыган, мамлекеттик приоритеттүү социалдык-экономикалык мааниге ээ объекттерди өнүктүрүү үчүн пайдаланыла турган өнүктүрүү бюджетиндеги берене.