Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогуловдун маалыматын угат. Тиешелүү маселе комитеттин бүгүнкү күн тартибине киргизилген.
Жыйындын жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү элчинин маалыматын жабык эшиктин артында угууну чечишти. Мындай демилге өкмөттүн өкүлү тарабынан сунушталган.