Кыргыз мамлекетинде быйыл июль айынан тарта аналогдук телеберүүлөр өчүрүлө баштайт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен 16-февралда билдиришкендей, буга чейин элди ресивер жабдуулары менен 100 пайыз камсыздоо зарыл. Мекемелер аралык жумушчу топ ресивер жабдуусун алып келип, сатуу менен алектенген ишкерлерге, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 17-июнунда өлкөдө санариптик телеберүүгө старт берилген. Санариптик телеберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу алкагында республикалык бюджеттен 300 миллион сом бөлүнгөн. Учурда санариптик сигнал менен бирге аналогдук берүү да улантылып жатат.