Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси кызмат ордуна көрсөтүлгөн Болот Отунбаевдин талапкерлигин жактырды. Ал 2012-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Германия, Швеция, Сан-Марино, Ыйык Престол, Дания жана Норвегия Республикасындагы элчиси кызматын аркалаган.
Комитет Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчиси кызмат ордуна көрсөтүлгөн Данияр Мукашевдин талапкерлигин да жактырды. Ал буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментин жетектеп келген.
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматына көрсөтүлгөн Миргүл Молдоисаеванын талапкерлиги да колдоо тапты. Ал өкмөттүн Эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеп турган.