Парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети 16-февралда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы тарабынан антикоррупциялык мыйзамдардын аткарылышын текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлдү.
Топ мекеменин ишин 15-мартка чейинки аралыкта текшерип, жыйынтыгын парламентте айтып берет.
Жумушчу топтун курамына депутаттар Бакыт Жетигенов, Руслан Казакбаев, комитет бөлүмүнүн эксперттери Кадыр Токтогазиев, Мерлан Ахмаджанов, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын, Эсептөө палатасынын, Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин өкүлдөрү киришти.