Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде "2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган чакан жана орто бизнес товарларын берүү жөнүндө долбоордук эмес гранттык жардам боюнча КРнын Өкмөтү менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу нотасын ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору жактырылды.
Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда, 100 миллион иена өлчөмүндөгү долбоордук эмес грант эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана кызматташтык алакаларды арттыруу максатында, чакан жана орто бизнес товарларын берүү менен, ал Япония өкмөтүнүн долбоордук эмес гранттык жардамынын алкагында бөлүнөт. Сатып алына турган товарлардын тизмеги эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашылмакчы.
“Келишим шарттарына ылайык, биздин алдыбызда гранттык товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү бажы алымдарынан, ички салыктардан, дагы башка бардык жыйымдардан толук бошотуу милдети турат. Келишимде каралган бардык иш-чаралардын аткарылуу жүрүмү JICA кызматташтыгы боюнча Япония Эл аралык агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынат. Бул келишим Кыргз Республикасынын чакан жана орто бизнесинин өнүгүшүнө түрткү берет”,- дейт министр Адылбек Касымалиев.