Өкмөт апрель айында электр энергиясынын тарифтерин дагы көтөрүү аракетинде. Маселе 16-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинде каралып, депутаттар мындай аракетке каршылык билдиришти.
Белгилей кетсек, 2015-жылы тарифтер бир нече жолу жогорулаган. Мисалы: өкмөт 2014-жылы электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизип, 2015-жылдын 1-январынан тарта электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 20 тыйындан төлөө тарифи коюлган. Өндүрүш ишканаларына 1 сом 38 тыйын деп бекитилген.
Өкмөттүн башка чечими менен 2015-жылдын 31-мартынан баштап электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 70 тыйын, 700 киловаттан ашканына 1 сом 82 тыйындан төлөө тарифи коюлган. Өндүрүш ишканаларына 1 сом 97 тыйын деп бекитилген.
2015-жылдын 1-августунан тарта тарифтер кайра өзгөргөн. 700 киловатт-саатка чейин пайдаланууга 77 тыйын, 700 киловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөө тарифи коюлганы маалым. Өндүрүш ишканаларына 2 сом 24 тыйын деп бекитилген. Учурда ушул тариф күчүндө.