Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында "Кыргызстан" фракциясынын жаңы депутаты Айтмамат Назаров ант берип, кызматына расмий түрдө киришти. Спикер Асылбек Жээнбеков жаңы депутатты куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек, фракциянын мурунку депутаты Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча БШКнын чечимин алгач Бишкектин Биринчи Май райондук соту, андан кийин Жогорку Сот туура деп тапкан.