Президент Алмазбек Атамбаев "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Документти парламент 2016-жылдын 14-январында кабыл алган.
Мыйзам "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө” мыйзамдын жоболорун Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга, “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”, “Кен байлыктар жөнүндө”, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүүчү систем жөнүндө”, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамдарга шайкеш келтирет.
Мыйзамдын негизги жоболору курорт иштери жана эс алуу чөйрөсүндө өкмөттүн ыйгарым укуктарын аныктоого жана тактоого багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.