Депутаттар V чакырылыштагы кесиптештери сунуштаган дагы бир мыйзамды четке какканы жатышат

Жогорку Кеңеште 17-февралда “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

V чакырылыштагы парламент депутаттары сунуштаган долбоор аркылуу социалдык мекемелер: билим берүү, маданият, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо тармагында кызмат көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды электр энергиясындагы карызына кошулган туумдан бошотулмак.

Тийиштүү комитетте энергетикалык компаниялар салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча, дивиденддер, насыялар боюнча милдеттемелери бар төлөөлөрдү кечиктирсе, ал туумдардын эсептелишине алып келери айтылган. Мунун айынан энергетикалык компаниялар чыгашага учурап, каржылык тартыштык өсүп, тармактагы ишканаларынын каржылык иштерин начарлатары белгиленген.

Мындай жүйө менен комитет мыйзам долбоорун четке кагууну чечкен. Ушундай чечим менен долбоор добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, парламенттин мурунку жыйынында да V чакырылыштагы депутаттар демилгелеген мыйзам долбоору четке кагылган. Анда спикер Асылбек Жээнбеков: "Мурунку чакырылыштын депутаттары, комитеттер колдоп, жакшы мыйзам деген долбоор бүгүн эмне үчүн керексиз деп табылып калды?"- деген суроо берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан