Өкмөт "Кумтөрдүн" мөңгүлөргө тийгизген таасирин текшерди. Мекемеден билдиришкендей, "Кумтөр" концессия аймагында мөңгүлөрдүн абалын мүмкүн болушунча объективдүү чагылдыруу максатында илимий-техникалык топтун (ИТТ) ишине Москва мамлекеттик университетинен Поповнин В.М. баштаган кошумча көз карандысыз эксперттер тартылган. "Кумтөр" аймагындагы мөңгүлөрдүн абалын башка репрезентативдик мөңгүлөрдүн анализине салыштыруу үчүн Женева жана Цюрих университеттеринин окумуштууларынын маалыматтары колдонулду. Мөңгүдөн сарыгып түшкөн тоо-кен өндүрүшүнүн калдыктары аркылуу өткөн суулардын сапатын аныктоого "Кумтөр" компаниясынын лабораториялары менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттик биргеликте беш жерден анализге суу алды.
2015-жылдын 7-июлунан 15-сентябрына чейин визуалдык изилдөөнүн, кен жетекчилиги берген материалдарды, илимий уюмдардын отчётторун жана буга чейинки байкоолордун материалдары менен математикалык моделдөөлөрүн изилдөөнүн негизинде ИТТ төмөнкү жыйынтыктарга келгени айтылды:
- Сары-Төр мөңгүсү менен КРнын аймагындагы башка бассейндердеги мөңгүлөрдүн - Кара-Баткак (Чоң-Кызыл-Суу дарыясы, Ысык-Көл бассейни), Голубин (Ала-Арча дарыясы, Чүй бассейни) жана башка репердик (антропогендик ишмердүүлүккө тушукпаган) массасынын балансын салыштыруу анализи көрсөткөндөй, бул мөңгүлөрдүн массалык балансы азайган, мөңгүлөр деградацияланууда: майда бөлүктөргө ажырап, ал эми кичирээктери жок болууда. Мындан улам КРдагы мөңгүлөрдүн азаюу жана деградациясынын башкы себеби климаттык фактор, тактап айтканда, глобалдык жылуулануудан улам дүйнөлүк температуранын жогорулашы деп эсептөөгө негиз берет.
- Кыргыз жериндеги бардык жана "Кумтөр" кени иштетилген аймактагы мөңгүлөрдүн деградациялоо процесси Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан. Ошондуктан тоңдуктун бүлүнүүсү ондогон жана жүздөгөн жылдардагы узак убакытка созуларын күтсөк болот.
- Бийик тоодогу "Кумтөр" кенин иштетүүдөгү уникалдуу тажрыйбаны эске алуу менен ИТТ бийик тоолуу пайдалуу кен концессия аймагында тоо өндүрүшүндө экологиялык, климаттык жана техногендик коопсуздук боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга, геологиялык, гидрологиялык, климаттык, атмосфералык кубулуштарды байкоо боюнча комплекстүү Илимий-техникалык борбор түзүүнү сунуштайт.