Жогорку Кеңештин 18-февралдагы жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаев депутаттар баш тарткан унааларды маданият кызматкерлерине тапшырууну сунуштады. Анын айтымында, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө маданий жана тарыхый мекемелер чоң салым кошушат.
"Биз баарыбыз жакшы билебиз, кыргыз маданиятынын өсүп-өнүгүүсүнө жана кыргыз тарыхын изилдөөдө чоң салым кошкон маданий, тарыхый мекемелер көп. Тилекке каршы, эгемендик алган жылдардан бери мамлекет тараптан жогоруда айтылган тармактарга жетиштүү колдоо көрсөтүлбөй келет.
Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин гаражында депутаттык унаалар ээсин таппай бош турат. Тарых жана маданият жылында ушул маданият тармагынын өкүлдөрүнө өзүбүз баш тарткан депутаттык унааларды берип койсок туура кадам болмок. Балким, биздин унаалар алардын гастролдорго чыгуусуна шарт түзүп, өз өнөрлөрүн башка аймактарга да тартуулаганга мүмкүнчүлүк түзүп бермек",- деди Мискенбаев.
Бул боюнча депутаттык комиссия түзүп, ага депутат Садык Шер-Нияз өңдүү маданият ишмерлерин кошууну сунуштады.