Парламентте жаздан чыгуу боюнча бирдиктүү антикризистик программаны түзүү керектиги айтылды

Жогорку Кеңештин 18-февралдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев өкмөткө парламенттин коалициясы менен биргеликте жаздан чыгуу боюнча антикризистик программаны түзүүнү сунуштады.

"Өкмөттө жана ар бир парламенттик фракцияда антикризистик программалар бар. Жаздан чыгуу боюнча өкмөт бул программаны коалиция менен макулдашып түзсө жакшы болмок. Жаздан кандай программа менен чыгабыз? Мотордук-трактордук станциялар боюнча токтом-долбоорлор бар. Дыйкандар насыя алабыз деп күтүп жатышат. Аларга жардам көрсөтүү максатында программаны иштеп чыксак жакшы болот",- деп сунуштады Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан