Парламенттин 18-февралдагы жыйынында депутат Садык Шер-Нияз кыргыз тилин заманбап шартта өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Депутат компьютердик программаларга кыргыз тилинин кирбей калышын уят деп атады.
"Эгемендик алганыбызга 25 жыл болгону жатат. Бардык ишибиз компьютер менен байланышып калды. Белгилүү болгондой, компьютерлер эки программа: Windows жана Mac OS менен иштейт. Мунун бирине да кыргыз тили кирген эмес, бул күлкүлүү нерсе. Өзүбүздүн дөөтү усталар жасаган тамгаларды орус алфавитине жабыштырып жазып жүрөбүз. Кыргыз тилин компьютердик программага киргизүүгө гимн, герб, желек сыяктуу эле мамиле кылууга милдеттүүбүз. Жаңы программа чыккан сайын кыргыз тили автоматтык түрдө ошол программага кирип турушу керек. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн тили кирди, биз эле калдык",- деди депутат.
Шер-Нияз быйылкы Тарых жана маданият жылында бул ишке өкмөт көңүл бурушу зарылдыгын кошумчалады.