Жогорку Кеңештин 18-февралдагы жыйынында жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын ишин ашыкча текшерүүлөргө чек коюу максатында иштелип чыккан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнүн тартиби тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Айта кетсек, бул долбоор депутаттар тобу тарабынан демилгеленген. Демилгечилердин маалыматына караганда, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу ЖӨБ органдарындагы ыгы жок текшерүүлөргө чек коюлат. Ошондой эле ЖӨБ органдарын пландуу жана плансыз текшерүү иштери прокуратура органдары менен макулдашылган тартипте жүргүзүлөт.
Мыйзам долбоорунун жоболоруна ылайык, ал жылына бир жолу гана комплекстүү шартта ишке ашырылыш керек. Текшерүүлөрдүн пландуу түрү 20 күндөн, ал эми плансыз (арыз, даттануулардын негизинде) жүргүзүлгөн текшерүүлөр 5 күндөн ашпасын деген талаптар мыйзам долбоорунда так көрсөтүлүүдө.