"Журналистти ур-тепкиге алган" делген депутаттын фракциясынын лидери: "Фракция үчүн да, Жогорку Кеңеш үчүн да жагымсыз окуя болду"

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев "журналистти ур-тепкиге алган" делген фракциялашы Камчыбек Жолдошбаев боюнча SUPER.KG порталына маалымат берди.

"Мен Камчыбек Жолдошбаевич менен жолугуп, коомчулукта талкууланып жаткан окуя тууралуу сүйлөштүм. Ал мага: "Мен андай ишти жасаган жокмун. Ушул киши сотко же укук коргоо органдарына арыз жазсын, жооп берейин, айта турган сөздү айтайын",- деди. Журналисттерди да, Камчыбек Жолдошбаевди да туура түшүнүп жатам. Эгер чындыкка келсек, бул окуя фракциябыз үчүн да, Жогорку Кеңеш үчүн да жакшы иш болгон жок. Коомчулукта жакшы эмес ойлор жаралып жатат",- деди Төрөбаев.

Мындан тышкары ал эртең фракциянын жыйынында К.Жолдошбаевге аталган окуя боюнча сөз берилерин белгиледи. "Эмне үчүн журналисттерден качканын айта албайм. Мен бүгүн ага "Сиз журналисттерден качпаңыз. Суроо беришсе, жооп берип коюңуз" деп айттым. Биз дагы фракция ичинде иликтеп, маалымат беребиз. Эгер ким туура эмес иш кылганы аныкталса, ал кечирим сурап, бул маселе бүтөт деген ишеничтебиз",- деди фракция лидери.

Эскерте кетсек, журналист Семетей Талас уулу социалдык тармактагы жеке баракчасында депутат К.Жолдошбаев тарабынан ур-тепкиге алынганын жарыялаган. "Жан сакчыларына карматып алып кечирим сурашымды талап кылды. Тепки жесем да сураган жокмун. Бул зөөкүр менен мыйзамдын тилинде сүйлөшөм, депутат болбогондо башкача сүйлөшөт элем. Жан сакчыларынын колу тийген жок",- деп жазган журналист. Бирок бүгүн ал милицияга арыз берүүдөн баш тартканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан