"Убагында оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө уруксат берип өкмөт туура эмес кылган",- деди спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин 18-февралдагы жыйынында. Төрага оң рулдуу унаалардын катышуусунда кылмыштар эки эсе көп болуп жатканына ишенерин белгиледи.
"Бул маселеде элди күнөөлөгөнгө болбойт. Убагында мамлекет уруксат берип, оң рулдуу унаалар өлкөгө киргизилген. Учурдан пайдаланып жарандар андай автоунааларды сатып алышып, азыр тиричилик кылышууда. Өкмөттүн системдүү саясаты болбой жатат. Элге баарын ачык айтып, туура түшүндүрүшүбүз зарыл. Ошондо эл дагы оң рулдуу унаалардан кутулууга аракет кылат. 2020-жыл бат эле келет, андан аркысын ойлонушубуз шарт",- деди Жээнбеков.
ИИМдин өкүлдөрү өлкөдө 1,5 миллиондой автоунаанын 192 миңи оң рулдуу экенин маалымдашты.