"Ата Мекен" фракциясы улуттук холдингдерди түзүүгө тийиштүү мыйзамдарды талкуулады

"Ата Мекен" фракциясы 19-февралда “Кыргыз Республикасындагы улуттук холдинг компаниялары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча өкмөттүн маалыматын укту.

Мамлекеттик компанияларды башкарууну жакшыртуу үчүн тармактар боюнча улуттук холдинг компанияларын түзүү пландалууда. "Мамлекетке караштуу компаниялар стратегиялык тармак болгондуктан, алар мамлекеттин көзөмөлүндө болууга тийиш. Холдинг компаниялары өлкөнүн стратегиялык тармагын башкаруу жана өнүктүрүү жаатындагы долбоорлордун ыкчам ишке ашырылуусуна түрткү берет, коррупциялык жосундарга бөгөт коюп, экономикалык тобокелчиликтерди азайтат",- дейт экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Улуттук холдинг компанияларынын Директорлор кеңеши 9 адамдан турары белгилүү болду. Анын ичинде 4 адам саясий мамлекеттик кызматтагы адамдардан, дагы 3 адам акционерлердин кызыкчылыгын коргогон мамлекеттен тышкары кызматкерлерден, 2 адам көз карандысыз мамлекеттик кызматкерлерден шайланат. Мындай холдингдер энергетика, транспорт, тоо-кен, каржы кызматын көрсөтүү тармактарында түзүлүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан