"Республика - Ата Журт" фракциясы "Бишкектин мэрин шаардык кеңеш эмес, жарандар шайлашы керек" деген пикирде

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын 19-февралдагы жыйынында "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге каралды. Ага ылайык, Бишкектин мэрин шаардык кеңеш эмес, жарандар шайлашы керек.

Демилгечи депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, шайлоо аркылуу мэрликке келген адам бардык жарандардын укуктарын коргоону алдына негизги максат катары коёт. "Мындан тышкары жаңы мыйзам аркылуу жарандар шаар башчыга ишенбөөчүлүк жарыялоого укуктуу болот. Буга 10 миң кол топтоо керек. Ал эми азыркы мыйзам боюнча премьер-министр менен шаардык кеңеш гана мэрди кызматтан кетире алат",- деди депутат.

Талкуунун жыйынтыгында фракциянын депутаттары демилгени жактырышты. Эми мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитетинин биринчи окуудагы кароосуна жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан