Бүгүн, 19-февралда Жогорку Сотто Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги 10-курултайы өз ишин аяктады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, иш-чарада куттуктоо сөздөрү менен Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Алымбеков жана башкалар сүйлөштү.
Фарид Ниязов өз сөзүндө Жогорку Соттун төрайымынын сот тутумунун кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо боюнча демилгесин президент колдогонун белгилеп, жакын арада бул маселе чечилерин билдирди. Мындан тышкары Ниязов президенттин кайрылуусун окуп берди.
"Кыргыз жарандары менен кошо өлкөбүздүн сот системи да калыптануу жолун басып өттү. Судьялардын X курултайы кыйла татаал, бирок өтө маанилүү сот реформалары жүрүп жаткан учурда өтүүдө. Реформанын бардык үч багыты боюнча бизде жакшы жылыштар бар. Судьялар корпусуна кирген кадрларды жаңылоо жүрүп жатат. Биз судьялыкка талапкерлерди кылдаттык менен тандай баштадык. Мисалы, акыркы 4 жылдын ичинде дайындалган 290 судьянын бирине да пара алгандыгы же пара талап кылгандыгы тууралуу билдирүү жана маалымат түшкөн эмес. Ошол эле учурда бүтүндөй сот системи боюнча мындай окуялардын саны 22ге жеткен. Бул да болсо судьялар курамын жаңыртууга болгон биздин мамиленин туура экендигинин күбөсү. Быйыл биз бул маанилүү ишти негизинен аяктайбыз",- деп айтылат президенттин кайрылуусунда.
Ошондой эле курултайда сыйлык тапшыруу аземи өткөнү маалым болду. Сот органдарындагы үзүрлүү эмгеги жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле боло турган Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен бир топ судьялар сыйланышты.