Алмазбек Атамбаев: "Өз аскерин карай албаган өлкө башкалардын аскерин багууга аргасыз болорун унутпашыбыз керек"

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз өлкөсүнүн жарандарын 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда булар айтылды:

"Кымбаттуу кыргыз мамлекетинин жарандары!

Жыл сайын 23-февралда биз ардагерлерибизди жана бүгүн да мекен сакчылыгында тургандарды урматтайбыз. Ар-намыстуулуктун жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтүп, мекен үчүн өмүрүн кыйган баатырларыбыздын жаркын элесине, элибиздин улуу рухуна таазим этебиз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өзгөчө көңүл буруп, аларды урмат-сыйга бөлөйбүз.

Бул майрам бизге ата-бабаларыбыздын “чептен эрдин күчү бек” деген осуятын эске салат, анткени кыргыздар – улуу жоокерлердин урпагы. Элибиз эзелтен кубаттуу жана күчтүү аскердин маанисин жакшы түшүнгөн. Ошондуктан кыргыздар өз аскерлерин, Куралдуу күчтөрүн эзелтеден “кол” деп атаган. Кол – бул күч-кубаттын символу. Аскери жок же аскери чабал өлкөнү колу жок адамга салыштырчу. Колу жок адам өзүн да, жакындарын да коргой албайт.

Урматтуу мекендештер!

Өз үйүн, мекенин коргоо – ыйык парз, аны ар-намыстуулук менен аткаруу - ар бир жарандын милдети.

Кийинки жылдары ишке ашырылып жаткан аскер реформасы Куралдуу күчтөрдөгү кырдаалды түп-тамырынан өзгөртүүгө өбөлгө болду. Мамлекетибиздин аскердик-техникалык мүмкүнчүлүгү артууда, жоокерлер менен офицерлердин аскердик даярдыгы жогорулап, алардын айлыгы көбөйүп, социалдык камсыздоо жакшырууда. Өлкө өз аскерине камкордук көрүшү керек.

Өлкөдөгү азыркы тынчтык, туруктуулук жана биримдик – бул элибиздин улуу энчиси. Тынчтык болсо, экономика өнүгөт, адамдар бейпил турмушта жашап жана эмгектенип, бакубат турмушту курушат. Бирок тынчтык мезгилде да биз өлкөнүн коргонуу жөндөмүн чыңдап, өз аскерин асырай албаган башка аскерди багарын эстен чыгарбоого тийишпиз.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм!

Ушул куттуу күнү чын жүрөгүмдөн ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайм. Ардагерлерибизге чың ден соолук, узун өмүр тилейм, ал эми жоокерлерибиз менен офицерлерибиздин ийгиликтүү кызмат өтөөсүнө тилектешмин.

Эр жүрөк, тайманбас адамдардын майрамы болгон ушул күнү сиздерге ар дайым ачык асман жана кучак толо кубаныч каалайм!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан