Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мекендештерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады:
"Урматтуу мекендештер!
Ардактуу мекенди коргоочулар жана ардагерлер!
Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм!
23-Февраль – тайманбастык, абийирдүүлүк менен мекенге кызмат өтөөнүн символуна айланган, бейпилдикти даңазалаган майрам. Биз бул күнү кыйла катаал, тагдыр чечер мезгилдерде кан-жанын аябастан эли-жерин коргогон эр-азаматтарыбыздын эрдигин эскерип, өлкө сакчылыгында турушкан күжүрмөн жоокерлерибиз менен офицерлерибизге сый-урмат көрсөтөбүз.
Учурда аскердик кайра курумдар ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Мекен сакчыларынын социалдык маселелерин чечүү жагы да колго алынды. Кудай буюрса, заманбап куралдуу күчкө ээ, турмуш сынынан тайбастан өтүп, жоокердик жолдо такшалган армия күтөбүз. Мунун баары республикабыздын коопсуздугун сактоого жана анын жаркын келечегин курууга багытталган ырааттуу саясаттын натыйжасы.
Урматтуу мекендештер, жүрөгүбүз Кыргыз Республикасы деп согуп, ага болгон сүйүүбүз арта берсин. Баарыбыз биргеликте гүлдөгөн, тынчтыкка бөлөнгөн күчтүү мамлекетти куралы!
Майрамыңыздар менен!"