2016-жылдын 27-февралында Сирия мамлекетине карата ок чыгаруулар токтотулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 23-февралда жарыялашты.
Мындай чечим президенттер Владимир Путин менен Барак Обаманын макулдашуусунан кийин кабыл алынды. "АКШ менен Орусия мамлекети биргеликте Сирия мамлекетине карата ок чыгарууларды токтотуу жана террордук топтор менен мындан ары күрөшүү тууралуу келишим түзүштү. Орусия лидеринин айтымында, бул келишимди түзүү чечими бир топ жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн улам кабыл алынды. 2016-жылдын 27-февралында Дамасктын убакыты боюнча саат 24:00дө чабуулдар токтотулат",- деп айтылат маалыматта.
“Келишим түзүү менен биз Сириядагы болуп жаткан кризистик кырдаалдан чыгуу максатын көздөйбүз. Көп жылдан бери төгүлүп келе жаткан канды, зордук-зомбулукту токтотобуз”,- деди Путин.