Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакчанын жерине кызыгып, ар кандай жолдор менен аны ээлеп алуу аракеттери жүрүүдө. Маалыматты Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.
"Өкмөт Ботаникалык бакчанын айланасында түзүлгөн абалды кылдат иликтеп чыгып, анын жер аймагынын бүтүндүүлүгүн сактап калуу чараларын көрүшү зарыл. Анын жерин алууга кызыкдар тараптардын аракетин жокко чыгарып, бакчанын каржылык шартын жакшыртышы керек. Ансыз биз илимий борбордон айрылып калабыз. "Биз силерге башка жерден жер тилкелерин бөлдүрүп беребиз" дегендер да чыгып жатыптыр",- дейт депутат.