Саламаттык сактоо министри: "Азырынча эне жана баланын өлүмүн азайтуунун бир гана жолу бар..."

"Кыргыз жеринде эне жана баланын өлүмүн азайтуунун бир гана жолу бар - чет мамлекеттен инвестиция тартуу",- деп билдирди саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында.

Министр эне жана балдардын саламаттыгын сактоо жаатында бир топ иштер жасалганын, Кыргыз Республикасы бул багытта жакшы делген 62 өлкөнүн катарына киргенин айтты. Энелер менен балдардын өлүмү азайганын, бирок бул тармакта да заманбап жабдуулардын жетишсиздигин, мыкты деңгээлде каржылык колдоо болбой жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, парламентте бүгүн саламаттык сактоо системинин көйгөйлөрү – калкка онкологиялык жардам көрсөтүү, энелердин жана ымыркайлардын өлүмү, бөйрөк оорулууларга жардамдашуу маселелери боюнча өкмөттүн маалыматы угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан